Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда 2 унаа сүзүшүп, 69 жана 65 жаштагы жарандар жан берди

Чүйдө катталган жол кырсык 2 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 21-апрелде Чүй районунда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 63-чакырымында жол кырсыгы катталган. Кырсык катталган жерде Toyota Avensis жана Subaru Outback унаалары кагышкандыгы аныкталган. Кырсыктын кесепетинен 2 жаран — 69 жаштагы эркек жана 65 жаштагы аял каза болду. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, алар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.