Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда бир адам көз жумду

Нарындагы жол кырсык бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 235-чакырымында катталган. Анда Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 киши каза болуп, 17 жаштагы өспүрүм жаракат алды.