Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда сел жүрдү. Жол бир тараптуу ачык

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 121-чакырымында Боом капчыгайына жетпей сел жүргөн. Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришкендей, унаа жолун жеринде тазалоо иштери жүрүп, жол бир тараптуу ачык.

Ошондой эле, Кемин — Шабдан — Көк-Ойрок унаа жолунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел 0-5-чакырымдарында жүрүп, жолдун аталган бөлүгүн жаап калган. Азыр Транспорт министрлигинин кызматкерлери жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.