Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу ачылды

Кечээ, 19-мартта болжол менен саат 12:00дөн тарта Бишкек-Нарын-Торугарт жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Учурда унаа жолду кеңейтүү иштери аткарылууда. Нарын тарабына түшкөн көчкүнүн болжол менен 32 миң 300 метр куб көлөмү тазаланды. Кар көчкүнү 12 жүктөгүч, 1 кар түртүүчү унаасы, 3 экскаватор тазалоо иштерин жүргүзүүдө.