Бишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкү бир унааны басып калды (видео)

Кечээ, 10-январда саат 22:45те Бишкек-Ош жолунун 132-чакырымында кар көчкү түшүп, жолду жаап калган. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Кар көчкүдөн тазалоо иштери жүрүп жатат, жол толугу менен ачылды, көчкүнүн көлөмү 4000 метр куб. Бир унааны көчкү басып калган, жолчулар унаанын ичиндегилерди аман-эсен алып чыгышкан.

«Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана айрым жолдордо кар көчкү түшүшү, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү болушу ыктымал. Жолго чыккан айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керек», — деп айтылат маалыматта. 
и.