Бишкек-Ош жолунда 30 жана 26 жаштагы жарандар мерт кетти

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Чүй облусунун Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, 2 киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бишкек-Ош жолунун 54-чакырымында Петропавловка менен Полтавка айылдарынын ортосунда Renault Clio үлгүсүндөгү унаа бетонду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 26 жана 30 жаштагы эркек кишилер жеринде көз жумган. Жергиликтүү тургундар куткаруучулар келгенге чейин жансыз денелерин унаадан чыгарып коюшкан.