Бишкек-Ош жолунда 36 жаштагы кишинин өмүрү кыйылды (сүрөт)

Бишкек-Ош унаа жолунун 530-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, MAZDA менен НOWO унаалары сүзүшкөн.  Кырсыктын кесепетинен 1985-жылы туулган адам каза болгон.

Жерине №55 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.