Бишкек — Ош жолунда унаа жардан кулап кетти

Кечээ, 24-февралда Кара-Көл шаарында унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жардан кулап кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарында болжол менен саат 23:30 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 371-чакырымында (Капчыгай тилкеси) Тойота Естима үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жардан кулап кеткен. Унаада 1 эркек адам болгон.

“ӨКМдин №94 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жерине барышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп. Жабыркаган адамды Кара-Көл шаардык ооруканага жеткиришкен. Абалы канааттандыраарлык”,- деп айтылат маалыматта.