Бишкек-Ош жолунда эки унаа сүзүшүп, 1 адам көз жумду. Жабыркаган 9 адам ооруканада

16-июнь күнү саат 20:44 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында Хонда Одиссей жана Уаз үлгүсүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 1 аял каза болуп, 9 адам ар кандай жаракат алышкан.

Жерине №97 ӨКБдан 3 куткаручуу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар тез жардам унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген. Учурда жабыркаган жарандардын абалы орто.