Бишкек-Ош жолунда эки унаа сүзүшүп, 17 жана 19 жаштагы жигиттер көз жумду

иллюстрация

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Жигули менен Нива унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Кийинчерээк 17 жана 19 жаштагы жигиттер алган жаракаттарынан көз жумган.