Бишкек-Ош жолунда ири өлчөмдөгү гашиш сатуу учурунда эки жаран кармалды

Бишкек-Ош унаа жолунда өзгөчө ири өлчөмдөгү гашиш сатуу учурунда эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМге Жалал-Абад облусунда жаран баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Жалал-Абад ОИИБге катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. 18-март күнү Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айылында Бишкек-Ош унаа жолунда эки Кыргыз жараны ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууда кармалган. Кармалган шектүүлөрдөн өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 65 брикет табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат салмагы 786 грамм «гашиш» баңгизаты болуп аныкталган. Кармалгандардын бирине таандык Ниссан үлгүсүндөгү унааны тинтүү жүргүзүү учурунда дагы 48 грамм «гашиш» да табылган. Кармалган заттын жалпы салмагы 834 граммды түздү.

Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кармалгандар Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди.