Бишкек-Ош жолунда жеңил унаа өрттөндү (сүрөт)

Жалал-Абадда жеңил унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 580 чакырымында Форд Фокус жеңил унаасынын салону жана бир дөңгөлөгү күйгөн. Өрттү өчүрүүгө №65 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, түнкү саат 01:36да өрт толук өчүрүлгөн.
Өрттүн себеби, электр зымдарынын кыска чыңалуусу.