Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталган. 2 адам көз жумуп, 3 бала аман калды (сүрөт)

Бишкек-Ош унаа жолунун 171-чакырымында жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 8-июль күнү болжол менен саат 16:45 чамасында болгон. Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаа түштүктөн түндүктү карай бара жатып, айдоочу рулга ээ боло албай жолдун карама-каршы тилкесине чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1983-жылы туулган айдоочу жана 1964-жылы туулган аял ошол жерде каза болушкан. 2008, 2011 жана 2019-жылы туулган балдар Бишкектеги №3 ооруканага жеткирилген.