Бишкек-Ош унаа жолунун 98-чакырымында Мерседес жана Мерседес-Спринтер үлгүлөрүндөгү унаалардын ортосунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен бир эркек киши оң бутунан жеңил жаракат алып, ооруканага баруудан баш тарткан. ӨКМдин кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолуна чыккан ыкчам тобу жардам көрсөтүшүп, унааларды жолдун жээгине сүйрөп беришкен.