Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түштү

Алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 18-февралда саат 09:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында кар көчкү түшкөн. Шаркыратма тилкесиндеги учурда кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымындагы кар көчкүнү тазалап бүтүп, 223-чакырымга барышат. Жерине №23 ЖТИден 2 жүктөгүч тартылган. Жалал-Абад облусунун Токтогул районун Арал постунда жана Чуй облсунун Жайыл районунун «Сосновка» постунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.