Бишкек-Ош жолунда катталган жол кырсыкта 6 адам каза болгону маалым болду

Бишкек-Ош жолунда катталган жол кырсыктын видеосу тараган. Кырсык Суусамырда катталган. Видеонун автору 4 адам каза болгонун айтат. «2 аял киши каза болгон, 3 кишини ооруканага алып кетти. Бул жакта айдоочу жана жүргүнчү каза болгон», — дейт автор.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен жол кырсыкта 6 адам каза болгонун билдиришти. Жеринде 4 адам, ооруканага бараткан жолдо 2 адам каза болгон. Жайыл аймактык ооруканасына 8 адам жеткирилген. Эки унаада 14 киши болгон. Анын төртөө 10 жашка чыга электер.