Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында күйүүчү май ташыган автоунаа күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Кырсык катталган аймакка саат 14:30да 1 өрт өчүрүүчү эсеп тартылып, саат 15:42де жалын чектөөгө алынды. Өрт саат 17:00дө толук өчүрүлдү. Унаанын ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылды, анын аты-жөнү такталууда.