Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаанын жарылышы. Каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталды

Кечээ, 14-ноябрда ӨКМ маалымат таратып, Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында күйүүчү май ташыган автоунаа күйүп жатат деген маалымат келип түшкөнүн, кырсык катталган аймакка саат 14:30да 1 өрт өчүрүүчү эсеп тартылып, өрт саат 17:00дө толук өчүрүлгөнүн, унаанын ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы маалымдаган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан маркумдун аты-жөнү такталганын билдиришти.

«Кечээ, 14-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылынын 1958-жылы туулган тургуну Бишкек-Ош жолунда башкаруусун жоготуп, жолдун оң тарабына чыгып, алдыңкы сол тарабы менен ташты сүзүп, оодарылып кеткен. Унаадан өрт чыгып, 35 миң 75 литр күйүүчү май толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу да күйүп, көз жумган», — деп айтылат маалыматта.