Бишкек-Ош жолунда Кытай жараны каза болду. Таксист анын жаны үзүлүп кеткенин Ошко келгенде гана билген

Ошко такси менен бара жаткан Кытай жараны жолдо каза болгон. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалымат боюнча, 3-июнга караган түнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жетип барган. Иликтөө иштин жүрүшүндө каза болгон адам 1973-жылы туулган Кытайдын жараны Бишкектен Ошко такси менен келип, белгисиз себептерден каза болгону аныкталган. Анын эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз. Такси айдоочусунун айтымында, ал каза болгон адамдын жаны үзүлгөнүн Ошко келгенде билген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын реестрине мезгилсиз өлүм деп катталды. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза түзүлүп, бүгүнкү күндө тергөө иштери улантууда.