Бишкек-Ош жолунда май ташуучу унаа кырсыкка учурап, аял киши көз жумуп, дарыя мунай менен булганды

4-ноябрда Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам көз жумганы маалым болгон. Милициядан кырсык 86-чакырымда саат 05:00 чамасында катталганын, оор жүк ташуучу унаа менен Хонда Одиссей унаалары сүзүшкөнүн, кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын жүргүнчүсү көз жумганын айтышкан эле.

Ал эми «Турмуш» басылмасы дал ошол оор жүк ташуучу унаада мунай болгонун, ал кырсык болгондо төгүлүп, Кара-Балта дарыясы булганганын жазып чыкты. Маалыматка караганда, айыл тургундары оодарылган унаадан төгүлгөн мазут жол боюна жайылып, андан кийин Кара-Балта дарыясына кошулуп кеткенин аныкташкан. «7-ноябрда эртең менен Талды-Булак суу сактагычынын кароолчусу сууда мазут пайда болгонун аныктаган. Ал учурда көп болгон экен. Ал бассейндин айланасындагы камыштарга «жабышып» калганда байкаган. Окуя боюнча тиешелүү кызматтарга маалымат берилген. Айыл тургундары эки күн бою акимчилик менен ӨКМдин реакциясын күтүштү. Бирок айла жоктон өздөрү сууну тазалоону чечишти», — деди тургун.

Ал эми Жайыл районунун акиминин орун басары Асылбек Нурбеков 9-ноябрда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүшкөнүн билдирди.