Бишкек-Ош жолунда оодарылган унаадан 20 тонна мунайзат төгүлүп, Кара-Балта суусуна куйган

Кечээ, 21-ноябрда социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып калганын айтышкан. Окуя боюнча ӨКМден маалымат беришти.

«Кечээ, 21-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 113-чакырымында DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп оодарылып кеткен. Мындан улам Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 күжүрмөн эсеп, штаб, АКА жана ХОВО унаалары менен жеринде өрт кырсыгын көзөмөлдөө иштерин алып барышты.

Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы айдоочу жабыркап, Тез жардам кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми кулаган цистернадан 20 тонна мунайзат (бензин) төгүлүп, Кара-Балта суусуна куйган. Ошондой эле СЭС кызматынын 2 адиси Кара-Балта суусунун Талды-Булак жана Сосновка айыл аймагынын айылдарынын ичүүчү таза суу сактагычын убактылуу жабышкан. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн суунун курамын текшерүүгө экспертизага алып кетишти», — деп айтылат маалыматта.