Бишкек-Ош жолунда Портердин айдоочусу бетон тосмону сүздү (видео)

Бүгүн, 25-май күнү таңкы саат 5:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 119-чакырымында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бетон тосмону сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Кырсык Жайыл районунун Төө-Ашуу ашуусунда катталган. Анын кесепетинен 2007-жылы туулган эркек бала жабыркаган. Видеодон көрүнүп тургандай, бала унаага кыпчылып калган. Жерине куткаруучулар тартылып, жабыркаганды унаадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.