Бишкек-Ош жолунда сүзүшкөн 2 унаадан өрт чыгып, 3 адам жабыркады (видео)

Кечээ, 30-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 452-чакырымында Ford Mondeo жана Тойота Марк Х үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, унаадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМДен билдиришти.

Жол кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, Тез жардам кызматы аркылуу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген. Өрттү өчүрүүгө саат 18:45те Таш-Көмүр шаардык №57 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 19:10до толук өчүрүлгөн.