Бишкек-Ош жолунда унаа оодарылып, 3 киши көз жумду

Бишкек-Ош жолунда унаа оодарылып, 3 киши көз жумду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан журналисттерге билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 13-ноябрда саат 13:10 чамасында катталган. Lexus LX570 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, оодарылып кеткен. Кырсык кесепетинен 2 адам кырсык болгон жерде каза болгон. Ал эми дагы бирөөсү ооруканага жетпей көз жумган. Айдоочу ооруканага жеткирилген.