Бишкек-Ош жолунда үрөй учурган жол кырсык катталып, 6 адам көз жумду

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек-Ош унаа жолунда үрөй учурган жол кырсык катталганын жазышып, видео менен бөлүшүп жатышат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан жол кырсык катталганын тастыкташты. «Жол кырсык бүгүн, 13-октябрда катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча 6 киши көз жумду. Кырсык боюнча дагы маалымат берилет”, — дешти.