КамАЗ Сосновка айылындагы үйдү талкалай сүздү (видео)

Кечээ, 28-ноябрда Бишкек-Ош жолунда бара жаткан КамАЗ Сосновка айылындагы үйдү талкалай сүздү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык саат 16:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 77-чакырымында катталган. Айдоочу Сосновка айылынан түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун жээгине чыгып, үйдү сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу 1982-жылы туулган жаран ооруканага жеткирилген.