Бишкек-Ош унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Мерседес-Бенц Гигант үлгүсүндөгү унаа менен Лексус RX 350 унаасы сүзүшкөн. Жол кырсыктын кесепетинен Лексус унаасынын айдоочусу мүрт кетип, 3 адам жабыркаган.
Куткаруу ишине 154-чакырымда нөөмөттө турган Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары тартылып, жеринде иш алып барышкан.