Бишкек-Ош жолундагы унаадан баңгизат табылды

Ноокен милициясы баӊги затты унаасында алып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери 20-октябрга караган түнү саат 01:00 чамаларында 1974-жылы туулган Ала-Бука районунун тургунунун Ноокен району аркылуу өткөн Бишкек-Ош жолунун боюнда токтоп турган унаасына кароо жүргүзгөн учурда баӊгизатына окшош заттар табылган. Бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ири өлчөмдө сатуу максаты жок жасалса) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар так салмагы 782 грамм гашиш жана 57 грамм марихуана баӊги заттары экендиги аныкталган.