Кечээ, 28-майда социалдык тармактарда Ош-Бишкек жолунда катталган жол кырсыктын видеосу тараган.
Кырсык боюнча ИИМдин Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат беришип, 3 жүргүнчү жаракат алып, 1 адам каза болгонун билдиришти.
«28-май күнү саат 15:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 111-чакырымында Хонда CRV үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, алдын ала маалымат боюнча каршы тилкеге чыгып, 2 Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар менен сүзүшкөн. Кесепетинен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалардын ичинен 3 жүргүнчү жаракат алып, 1 жүргүнчү каза болгон. Тергөө амалдары жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.