Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 1 аял көз жумду

Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, аял киши көз жумду. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык кечээ, 9-майда саат 13:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 197-чакырымында катталган. Алдын ала маалымат боюнча, Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, каршы тилкеге ​​чыгып кетип, Hyundai Getz менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Hyundai Getz унаасынын жүргүнчүсү каза болгон, ал 40-45 жаштар чамасында болгон. Жайыл районундагы медициналык мекемеге жашы жете элек эки жүргүнчү кайрылган. Унаанын айдоочулары түрдүү жаракаттар менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди.