Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 39 жаштагы жаран көз жумду

Бишкек-Ош унаа жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык унаа жолунун 84-чакырымында катталган. МАN менен Mercedes Benz унаалары сүзүшкөн. Жеринде 39 жаштагы киши көз жумган. 22 жаштагы үч жигит жана 15 жаштагы өспүрүм жаракат алган.

Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.