Бишкек шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып жатат

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаардык мэриясында жана шаардык кеңешинде коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек шаарынын бюджетинин болжолдонгон киреше бөлүгү жасалмалоо жолу менен көбөйтүлгөн. Анын долбоору Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров тарабынан талкуусуз бекитилип, муниципалдык кызматтардын функционалдык милдеттери өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуштарга теңдештирилип, эмгек акыларына 2 маяна өлчөмүндөгү үстөк акылар негизсиз кошулган. Анын ичинде Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана Бишкек шаарынын мэринин бир айлык маянасы 120 миң сом жана 150 миң сомго көбөйтүлүп, натыйжада шаардагы социалдык маселелерди чечүүгө жана инфраструктураны жакшыртуу багытына сарпталуучу бюджеттик каражаттар мыйзамсыз сарпталган. 2019-жылдан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта мамлекетке 214 миллион 581 миң 700 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн зыян Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жаныбек Абировдун жана башка жооптуу кызмат адамдарынын кыймыл аракеттеринен улам келип чыккандыктан, аталган факты боюнча материалдар Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.