Бишкек шаардык соту Айза Улан кызын өлтүрө сүзүүгө шектелип кармалган айдоочунун бөгөт чарасын өзгөрткөн жок

Бишкек шаардык соту 24 жаштагы Айза Улан кызын өлтүрө сүзүүгө шектелип кармалган айдоочунун бөгөт чарасын карап, өзгөрткөн жок. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, анын жактоочусу соттолуучунун ден соолугунун абалы боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусун берген. Дарыгерлер өнөкөт гипертониялык гломерулонефрит, өнөкөт бөйрөк оорусу, өнөкөт бөйрөк оорусунун акыркы стадиясында диагноз коюшканы тууралуу маалымкаты берилген. 

9-январда таңга жуук Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсантын унаа сүзүп кеткен. Окууга бара жаткан жабырлануучу каза болгон. Кыз Жибек-Жолу проспектиси менен Коммунаров көчөсүнүн кесилишинен жолдон өтүүгө аракет кылган учурда аны белгисиз унаа сүзүп кеткен. Катуу соккудан жабырлануучу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, аны башка унаа тебелеп кеткен. Кыз ошол жерден каза болгон. Кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалган. Анын  5-даражадагы бөйрөк оорусу, термикалык стадиядагы өнөкөт оорусу жана 2016-жылдан бери гемодиализде экенин көрсөткөн медициналык документтер сотко жактоочу тарабынан берилгендигине байланыштуу үй камагына чыгарылган.