Бишкек шаардык соту Асылбек Жээнбековду камакта калтырды

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаардык соту депутат Асылбек Жээнбековдун жактоочусунун арызынын негизинде баш коргоо чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Эске салсак, 27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутат Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралып, 30-сентябрга чейин узартылган.

Жээнбеков УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга каммакка алган.