Бишкек шаардык соту Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасын кароону кийинкиге жылдырды

Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаардык сотунда депутат Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасы каралмак. Соттун катчысы айыпталуучу соттук отурумга жеткирилбегенин билдирди. Бөгөт чарасын кароо 10-декабрга жылдырылды.

Асылбек Жээнбековдун жактоочусу Калыбек Жамангулов эл өкүлү сотко жеткирилбегендиктен отурум 10-декабрга жылдырылганын билдирди. «Парламенттин чечими менен СИЗОдон дароо чыгарыш керек болчу. Бирок белгисиз себептерден улам ал сотко жеткирилген жок», — деди ал.

Жээнбеков УКМК тарабынан 31-майда кармалып, анын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга камакка алган.