Бишкек шаардык соту Данияр Нарымбаевди камакта калтырды

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин жактоочусунун арызынын негизинде баш коргоо чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

9-июнда Данияр Нарымбаев УКМК тарабынан кармалган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ал «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган. 13-июлда «Бикард» клиникасына жаткырылган.