Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовду камакта калтырды

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаардык сотунда президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязовдун адвокатынын доо арызы боюнча баш коргоо чарасы каралып, сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Тактап айтканда, Фарид Ниязов 10-августка чейин камакта болот.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов Кой-Таш окуяларына, кийин 9-октябрда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкка айыпталып камакта. 7-июнда анын баш коргоо чарасын каралып, 10-августка чейин камакта калтырылган эле.