Бишкек шаардык соту Курсан Асановду 26-мартка чейин камакта калтырды

Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаардык соту Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов карата буга чейин чыгарган Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Асановдун жактоочу Икрамидин Айткулов билдирди.

Маалыматка ылайык, Асанов 26-мартка чейин абакта болот.

Белгилей кетсек, Курсан Асановго Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айып коюлуп, 28-январда Биринчи Май райондук соту Асановду СИЗО-1 абагына камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Мындан улам анын жактоочулары соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан болчу.