Шаардык сот да Матраимовдордун өтүнүчүн четке какты

Бишкек шаардык соту Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын сотто алар тууралуу айтылып жаткан маалыматтарды жайылтууга тыюу салуу өтүнүчүн четке каккан чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта шаардык соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, буга чийин алар бул өтүнүч менен Свердлов райондук сотуна кайрылышкан. Бирок Свердлов райондук соту быйыл февраль айынын башында ал өтүнүчтү четке каккан.

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. УКМКнын маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырган. Кийинчерээк ал ден соолугуна байланыштуу менчик ооруканага жаткырылганы айтылган.

Матраимовго буга чейин коррупция беренеси боюнча иш козголуп, алгач 2 миллиард сом, кийин соттун чечими менен 260 миң сом төлөөгө милдеттендирилген болчу.