Бишкек шаардык сотунда Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаардык сотунда депутат Төрөбай Зулпукаровдун адвокатынын доо арызынын негизинде анын баш коргоо чарасы каралат.

Шаардык соттун алдына депутаттын тарапташтары чыгышты. Алар Зулпукаровду бошотууну талап кылышууда.

Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган. 27-июлда анын бөгөт чарасы узартылып, 30-сентябрга чейин камакта калтырылган.