Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шектүү 2020-жылдын башында шектүү жабырлануучуга киреше ала турганын айтып ишендирген. Андан 532 миң 730 сом алгандан кийин шектүү качып кеткен.

Жабырлануучу ушул жылдын жайында милиция кызматкерлерине кайрылып, алдамчылык беренеси менен иш башталган. Бул ишке шектелип 1979-жылы туулган М.Г. кармалды. Ал камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.