Бишкек шаарында турак үй өрттөндү

Бүгүн, 27-июль күнү Бишкек шаарындагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

«Алдын ала маалымат боюнча, Бектенов жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган. Саат 15:06 да өрт чектөөгө алынды. Кошумча маалымат берилет», — деп жазылат маалыматта.