Бишкек шаарындагы дүкөндөн чыккан өрттөн 1 адам каза болду

Бүгүн, 19-декабрда саат 10 чамасында Бишкек шаарынын Саякбай Каралаев жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкты. Расмий маалыматтар боюнча өрт сервистик тейлөө борборунан чыкты деп айтылса, айрым булактар өрт курал-жарак саткан дүкөндөн чыкты дешүүдө. Саат 11:30га жакын жалын чектөөгө алынып, саат 13:00дөн өтүп өрт толугу менен өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, тилсиз жоонун кесепетинен 1963-жылы туулган эркек киши каза болду. Анын дүкөндүн сатуучусу экендиги айтылууда. Ошондой эле кырсыктан 3 адам жабыркады.  Алар 1962-жылы, 1966-жылы, 1987-жылы туулган эркек кишилер экендиги, бардыгы күйүк менен ооруканага жеткирилгени маалымдалды.

Интернетке чыгып кеткен видеодон дүкөндүн адегенде жарылып кеткендиги көрүнөт. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.