Бишкектин мурдагы вице-мэри, «Тазалыктын» экс-директору кармалды

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директору, Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын экс-директоруна карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Такталгандай, кармалган жаран 2017-2018-жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн. Аталган кылмыш ишинин алкагында Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

«Мындай аракеттердин натыйжасында атайын техниканын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиз болгондугу, таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын туура эмес иштешине түрткү болгон. Жарандар таштандылардын көп топтолуп, өз убагында чыгарылбай жаткандыгы боюнча бир нече жолу арызданышкан. Учурда шектүү кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.