Бишкек ШИИБ: «Айзаданы издөөгө 200дөн ашык милиция кызматкерлери тартылган»

Бишкек шаарында уурдалып, кийин киши колдуу болгон Айзада Канатбекованы 200дөн ашык милиция кызматкерлери издеди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жетекчиси Бакыт Матмусаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 5-апрель күнү саат 8:20лар чамасында «Перехват» планы жарыяланган.

«Ыкчам-иликтөө иштерине Бишкек ШИИБдин борбордук аппаратынын 150дөй, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн 60тай кызматкери тартылган. Камераларды караганда Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнөн баштап Ак-Ордого чейин барганы көрүнгөн. Андан ары видео байкоолор жок болгон. «Перехват» жарыялангандан бир саат өткөндөн кийин ал унаа Ак-Ордодон өткөнү көрүнгөн«, — деди Матмусаев.

ШИИБ башчысынын билдиришинче, 102 номерине саат 7:28де чалуу түшкөндөн кийин 5 мүнөттүн аралыгында Биринчи май райондук милициянын кызматкерлери кабарлаган кызга барып көрсөтмө алган. Ал эми саат 10:30да кыздын жумушунан апасына чалышып, Айзада ишке келбегенин айтышкан. Апасы 13:34тө милицияга келип арыз жазган.

5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен 3 бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага күчтөп салып кетишкен. 7-апрель күнү жергиликтүү малчы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада токтоп турган унаада эки жансыз дене жатканы тууралуу милицияга кабарлаган. Милиционерлер унаанын ичиндегилер Айзада менен аны уурдаган Замирбек Теңизбаев экенин аныкташкан. Ошол эле күнү кечинде кызды уурдоого катышкан бир шектүү кармалган. Бүгүн экинчиси кармалганы айтылды.