Жаңы төрөлгөн кызын көчөгө таштап кеткен эне табыла элек. Милиция кызматкерлери издөө иштерин улантып жатышат. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине Бишкек ШИИБинен билдиришти.
19-март күну таңкы саат 7:35 чамасында Бишкектин Салиев көчөсүндөгү №217 үйдүн жанына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен. Аны көчөдөн өтүп бараткан аял байкап калып, милиция чакырган. Бала ак кездемеге оролуп, көк үкөктө жаткан. Дарыгерлер кыздын абалын канааттандырарлык деп баалашкан.