Бишкек ШИИБ: «Жаңы төрөгөн кызын көчөгө таштап кеткен эне табыла элек»

Жаңы төрөлгөн кызын көчөгө таштап кеткен эне табыла элек. Милиция кызматкерлери издөө иштерин улантып жатышат. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине Бишкек ШИИБинен билдиришти.

19-март күну таңкы саат 7:35 чамасында Бишкектин Салиев көчөсүндөгү №217 үйдүн жанына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкен. Аны көчөдөн өтүп бараткан аял байкап калып, милиция чакырган. Бала ак кездемеге оролуп, көк үкөктө жаткан. Дарыгерлер кыздын абалын канааттандырарлык деп баалашкан.