Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Бишкек ШИИБдин жетекчиси маалымат берди

Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев 5-кичи райондо киши колдуу болгон 3 жарандын иши тууралуу маалымат берди.

Ногойбаевдин айтымында, кошуналар эмеректердин жылышын, жерге бир нерсе түшкөнүн, ызы-чуу, кыйкырыктарды угушкан. Унаанын сигнализациясынын үнү да угулган – кыз терезеден секирип түшкөндө унаага кулап, сигнализация иштеген. «Кошуналар анча маани беришпей, үй башчысына кеч кабарлашкан. Ал жумуштан келип, видеокамераларды карап, участкалык милицияга кабарлаган. Милиция кызматкери келип абал менен таанышкан. Милиция менен ӨКМдин кызматкерлери барып, батирди ачып, батирде үч адамдын сөөгү бар экенин аныкташкан», — деди ал.

Анын айтымында, кылмыштын бетин ачууга видеокамералар жардам берген. «Шектүү Аширалиев видеокамераны сындырууга аракет кылганы, ошондой эле каза болгон жаранды алып киргени белгилүү болгон. Анын аты-жөнү такталып, таңкы саат 4тө ал өз үйүндө кармалган. Ал каршылык көрсөткөн жок. Унчукпай, милиция бөлумүнө жеткирилген», — деди Ногойбаев.

Анын айтымында, кылмышка шектүү Баткен району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, спорт менен машыгып келген. Ногойбаев борбор калаа тургундарын кошуналардан кыйкырык чыккан учурларга көңүл бурууга чакырды.

16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган.