Бишкекте окуучу кыздын артынан белгисиз киши үйүнө чейин аңдып барган. Текшерүү башталды

Кечээ, 18-сентябрь күнү Бишкек шаарынын 7-кичи районунда белгисиз киши 9 жаштагы окуучу кыздын артынан үйүнө чейин аңдып барып, качып кеткен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя тууралуу кыздын ата-энеси бүгүн, 19-сентябрда Октябрь РИИБге арыз менен кайрылган. Бул факты РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Учурда тергөө иштери уланууда.