Бишкекте №212 каттамдагы кичи автобус жол кырсыкка кабылган. Жабыркагандар бар

Соцтармактын колдонуучулары сүрөт менен бөлүшүп, №212 каттамдагы кичи автобус жол кырсыкка кабылып, аласалып кеткенин жазышууда. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришти.

Болжол менен саат 13:20 чамасында Карасаев менен Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде Лексус 470 менен №212 каттамдагы маршруттук унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кичи автобустагы 4 адам жабыркаган. Баары ооруканага жеткирилген. Милиция жеринде иштеп жатат.